Өкмөт башчы Кыргызстанда текстиль жана энергетика тармагы аксап жатканын айтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖүн иштерүүчү ишкана. Архив
Жүн иштерүүчү ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы донорлорду мамлекеттеги шарт-жагдай менен тааныштырып жатып, келерки жылы Тамчыдан "Аврора" пансионатына чейинки узундугу 48 чакырым жолду оңдоо иштери бүткөрүлө турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстан текстиль өнөр жайы жана энергетика тармагы боюнча артта калып жатканын премьер-министр Темир Сариев донорлор менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда экономиканын өсүү темпинин жогорулашы күтүлүп, ал алты пайызга жакын көрсөткүчтү түзөт. Сариев буга айыл чарба жаатындагы жогорку көрсөткүчтөр шарт түзгөнүн, ал эми инфляциянын деңгээли бир пайызга жакын экенин белгиледи.

"Бизде эки артта калып жаткан сектор бар, алар — энергетика жана текстиль өнөр-жайы. Бирок өкмөт ыкчам штаб түзүп, антикризистик программа иштеп чыккан. Биз алгач мамлекеттик органдар тараптан негизсиз текшерүүлөрдү кыскарттык. Мындан ары да мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүн кыскартуу боюнча ишти улантат", — деди өкмөт башчы.

Жыйын жүрүшүндө премьер-министр октябрь айынын экинчи жарымынан тарта Ысык-Көл облусундагы айланма жолду оңдоо иштери башталарын билдирди. 

"Ошондой эле "Манас" аэропортунан берки 30 чакырым жолду оңдоо иштери жыйынтыкталат. Мындан тышкары, Бишкек жолдорун көзөмөлдөп карай турган муниципалдык ишкана түзүлдү", — деди Сариев. 

Өкмөт башчы донорлорду мамлекеттеги шарт-жагдай менен тааныштырып жатып, келерки жылы Тамчыдан "Аврора" пансионатына чейинки узундугу 48 чакырымн жолду оңдоо иштери бүткөрүлө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0