Таластагы түстүү мармар таш кени аукционго коюлууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүМармар табуу. Архив
Мармар табуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кендин иштетүүгө укук берүүчү лицензиянын баштапкы наркы 100 миң долларга бааланууда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги "Гүлдерек" түстүү мармар кенин иштетүүгө укук берүүчү лицензияны аукционго койгонун аталган мекеме билдирди.

Талды-Булак көмүр кенин "Кыргызалтын" чалгындайт
Аукцион 27-ноябрь күнү Бакай-Ата райондук администрациясынын имаратында өтөт. Баштапкы наркы 100 миң долларга бааланууда.

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан "Гүлдерек" кени 1988-жылы ачылган. Геологиялык агенттиктин маалыматы боюнча, аталган кенден чыккан мармар таш жалтырашы менен айырмаланып турат. Сапаты боюнча ГОСТ 9479-84 и ГОСТ 9480-77 талаптарына жооп берип, архитектуралык-курулуш буюмдарын жасоого, имараттардын ички жана тышкы каптоосуна, ошондой эле кыймыл көп болуучу полго төшөөгө пайдаланылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0