Москвалыктар кыргыз алмалары менен татымалдарын алууга дилгир

Жазылуу
Россиялык импортерлор Кыргызстандын тигүү продукциясын, консерва, эт жана мөмө-жемишин сатып алууга кызыкдар.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Экономика министрлигине караштуу "Бирдиктүү терезе" борбору мамлекеттик ишканасы кыргызстандык өндүрүүчүлөргө ар кыл тармактар боюнча россиялык импортерлор менен түз иштешүүнү сунуштап жатканын аталган министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва шаарындагы компаниялардан Кыргызстанда өндүрүлүүчү продукциянын төмөнкү түрлөрүнө суроо-талап түшкөн:

 

  • консерва;
  • татымалдар;
  • соус, кетчуп, томат пасталары;
  • бал, жаңгак, кургатылган мөмө-жемиштер;
  • алма.

 

Россиялыктар, мындан тышкары, вермишель, дандын түрлөрү, ун сыяктуу бакалеялык товарларга жана 12 жашка чейинки балдар үчүн кийим-кечеге кызыкдар экенин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0