Россиялыктар Ананьеводо шире чыгаруучу ишкананы кеңейтет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүШире чыгаруучу цех. Архив
Шире чыгаруучу цех. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ананьево айылында алмадан шире чыгаруучу цех иштеп жатат. Россиялык инвестициянын эсебинен шире өндүрүшүн кеңейтүү пландалууда.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Эмдиги жылы Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл аймагында шире цехинин өндүрүшүн кеңейтүү каралып жатканын Экономика министрлиги билдирди.

Москвалыктар кыргыз алмалары менен татымалдарын алууга дилгир
Аталган айылда ушу тапта алмадан шире өндүрүүчү ишканада 11 адам эмгектенет. Өндүрүштүн кеңейиши менен жумушчу орун да көбөйөт.

Цехти кеңейтүүгө инвестиция Россиядан тартылат. Ишкананын кубаттуулугу — бир күндө 10 тонна алма иштетүү. 

Алмадан тышкары, цехте жергиликтүү тургундардан сатып алына турган башка жемиштерден да шире өндүрүү каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0