Россия, Канада жана Улуу Британия КРге көбүрөөк инвестиция сала баштады

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары жана Евро. Архив
АКШ долларлары жана Евро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Кыргызстанга салган чет элдик түз инвестициялардын көлөмүн жети эсе, Улуу Британия алты, ал эми Канада 90 ирет көбөйткөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Россияда салынган түз инвестиция жети эсеге көбөйгөндүгүн билдирди. 

Ведомствонун маалыматында, биринчи жарым жылдыкта россиялык бизнес адамдары акча агымын көбөйтүп, ал 76 миллион долларга жеткен. Былтыр бул учурда сумма 10,3 миллион сомду түзгөн. Алар каражаттар негизинен, каржы жана энергетика тармагына киргендигин айтышты. 

Кувейттен келе турган түз инвестицияларга жол ачылат
Быйыл Канадалык инвесторлордун каражаты арбыган, бир жыл ичинде агым 90 эсеге көбөйгөн. 110 миллион доллар негизинен "Кумтөр" ишканасын алтын иштеткен өндүрүшүнөн түшкөндүгүн белгилешти. 

Улуу британиядан түз түшкөн инвестиция негизинен, геологиялык чалгындоого багытталган жана алты эсеге көбөйүп, 180 миллионду түзгөн. 

Казакстан жумшаган акча беш эсеге түшүп кетип, беш миллион доллар болгон. Ведомствонун маалыматында, казак бинес адамдары соода жана каржы тармагына баштагыдай акча салбай калган. 

Бир жыл ичинде инвестициянын бир жылдык агымы эки эсеге көбөйүп, 499 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0