Нефтетрейдерлер ассоциациясы мунай заттарынын салыктарын азайтууну сунуштоодо

© AFP / PATRIK STOLLARZКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлер укук коргоо менен фискалдык органдардын көзөмөлүн күчөтүү, мунай затты унаа каражаты аркылуу ташууга тыюу салуу жана бензинге болгон акциздик салык көлөмүн убактылуу азайтууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Сентябрь айында мунай зат продукциясынын расмий импорт көлөмү августка салыштырмалуу 46,8 тоннага азайганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майды алып келүүдө акциздик салык арзандайт
Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде Казакстандан мыйзамсыз жол менен келген мунай заттарынын агымы күчөгөн. Бул Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен бажы постторунун алынышы жана казак теңгесинин девальвациясына байланыштуу Казакстанда мунай заттын баасы арзандаганынан улам болууда. 

Мындай абал расмий импорттун көлөмүн азайтып, андан улам, мамлекеттик казынага акциздик, кошумча нарк жана сатуудан алынуучу салыктардын өлчөмүнүн кыскарышына алып келет. 

"Сентябрь айында августка салыштырмалуу мунай зат продукциясынын расмий импорту 46,8 миң тоннага, ал эми өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 36 миң тоннага азайган. Мындан бюджетке 210 миллион сом өлчөмүндөгү салык түшпөй калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Бензин куюлган канистрлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйүүчү майды канистра менен алып кирүүгө Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн
Буга байланыштуу Ассоциация өкмөткө кайрылып, мунай заттын мыйзамсыз импорттолушуна каршы чара көрүү өтүнүчү менен кайрылды. Нефтетрейдерлер укук коргоо менен фискалдык органдардын көзөмөлүн күчөтүү, мунай затты унаа каражаты аркылуу ташууга тыюу салуу жана бензинге болгон акциздик салык көлөмүн убактылуу азайтууну сунуштап жатышат.

Мында салык акцизин беш миңден үч миң сомго чейин төмөндөтүп, Кыргызстан менен Казакстандагы бензинге болгон баанын айырмасын азайтуу каралган. Учурда эки өлкөнүн айырмасы 12 сомду түзүүдө.

Ассоциация күйүүчү майдын аткезчилигине каршы комплекстүү иш-чаралар зарыл экенин, уюм бул ишке бардык жагынан жардам берүүгө даяр экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0