Статком: өндүрүштүн көлөмү көбөйдү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кумтөр" компаниясынын кызматкери. Архив
Кумтөр компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүштүн көлөмү баалуу металл продукциясы менен мунайзат өндүрүшүнүн жана кен казуунун эсебинен жогорулаган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда 126,6 миллиард сомдук продукция өндүрүлгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 17,4 пайызга жогорку.

Өндүрүштүн көлөмү баалуу металл продукциясы менен мунайзат өндүрүшүнүн жана кен казуунун эсебинен жогорулаган.

"Кумтөр" компаниясын эске албаганда, өнөр жайдын көлөмү эки пайызга көбөйдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта 2014-жылга салыштырмалуу текстиль (4,1 пайыз), тигүү (26,6 пайыз), электр жабдууларын (14 пайыз) жана энергия өндүрүү (7,1 пайыз) боюнча артта калып жатканы айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0