Ош облусунда 30 млн. сомдук объектилер пайдаланууга берилди

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаарынын борбор аянты. Архив
Ош шаарынын борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Ош облусунда цех, мини заводдор, мектеп, бала бакчалар, бейтапкана курулган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Ош облусунда Мамлекеттик курулуш тарабынан жыл башынан бери алты бала бакча, беш мектеп, алты ФАП, 200гө чукул эс алуу жана соода жайлары, цех жана мини заводдор пайдаланууга берилгенин аталган агенттин билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган объектилердин курулушуна 30 миллион 109 миң сом жумшалган. Бул былтыркы жылдын тогуз айына салыштырмалуу үч миллион сомго ашык көрсөткүч. 

Мындан тышкары, жеке турак жай куруу бөлүмү тарабынан 2847 жер тилкеси бөлүнүп, анын теңинин долбоордук документациясы түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0