Айыл чарба продукциясынын аз өндүрүлүшү аларды экспорттоого тоскоол болууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүТүшүм. Архив
Түшүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин билдирүүсүндө кыргызстандык дыйкандар айыл чарба продукциясын аз өндүрүшү аны чет өлкөлөргө алып чыгууга зак убакыттан бери бөгөт болуп жатат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба продукциясынын аз көлөмдө өндүрүлүшү аларды экспорттоого башкы тоскоолдук боло турганын Экономика министрлиги билдирди.

Энергетика жана өнөр жай, Айыл чарба жана мелиорация жана Экономика министрликтери өнөр жай тармагындагы жыл башынан берки көрсөткүчтөрдү талкуулады. 

Алардын айтымында, продукциянын аздыгы ири көлөмдөгү товарды узак мөөнөт бою экспорттоого бөгөт коюуда.

Талкуу учурунда экспортко тоскоол болуучу бир катар факторлор аталды: 

 

  • Өкмөт тарабынан фермерлерге берилген насыялар көбүнесе майда чарбаларга багытталат;
  • Берилген насыялар көп учурда туура эмес максатта пайдаланылат. Мында айыл чарбасында бааларды аныктай турган анык бир система жоктугу белгиленди. Мындан тышкары, ортомчулардын көптүгү өндүрүлгөн продукциянын наркын коңшулардыкына салыштырмалуу жогорулатып жиберет;
  • Жашылча-жемиш сактоочу жайлардын жоктугу. Бул түшүмдү дароо сатууга мажбур кылат;
  • Дыйкандардын жер аянтынын аздыгы (орточо эсеп менен эки гектар). Мында айыл чарба техникасын жана заманбап ыкмаларды колдонуу өтө кымбат түшүп калышы ыктымал;
  • Түшүмдүүлүктүн аздыгы.

 

Министрлик мындан улам айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн өкмөт тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү, кооперативдик кыймылды өнүктүрүү, логистикалык борборлорду ачуу, насыя берүүдө анык бир багытты белгилөө, лизинг шарты менен тийиштүү айыл чарба техникасы менен камсыздоо сыяктуу бир катар чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0