ЕАЭБдин бир жылдыгына карата Улуттук банк 10 сомдук күмүш монета чыгарды

© пресс-служба НБКРУлуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
Улуттук банк Евразия экономикалык союзу коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жана монета чыгарылган жыл чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын номиналы, сол жагында металлдын сапат белгиси, ал эми оң жагында салмагы жазылган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Улуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди. 

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык союзуна кирген өлкөлөрдүн борбордук банктары тарабынан чыгарылып жаткан бардык коллекциялык монеталарды Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана бирдиктүү "Евразия экономикалык союзу" деген аталышы бириктирет.

© пресс-служба НБКРУлуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.
Улуттук банк Евразия экономикалык союзу коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.
© пресс-служба НБКРУлуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.
2/2
Улуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.
1/2
Улуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.
2/2
Улуттук банк "Евразия экономикалык союзу" коллекциялык 10 сомдук күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарганын аталган мекеме билдирди.

Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын герби түшүрүлгөн. Жогорку бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" жазуусу жана монета чыгарылган жыл чагылдырылган. Төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом), сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), ал эми оң жагында салмагы (31,10 г.) жазылган.

Кыз куумай оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы монета чыгарууда Улуттук банк кыз куумай менен тамгага басым жасайт
Монетанын арткы бетиндеги негизги сюжетти евразия мамлекеттеринин интеграциялык жакындыгы түзөт: анын алкагында Евразия континенти түшүрүлгөн, анда Евразия экономикалык союзунун расмий эмблемасы жана ага кирген беш мүчө-мамлекеттердин түстүү желектери чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө "Евразийский экономический союз", ал эми төмөн жагында "Евразия экономикалык союзу" деген жазуу жайгаштырылган.

Банк монета коллекциясы Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлүшүнүн бир жылдыгына арналарын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0