АКШ эсеп ченин жогорулатат деген кооптуулук менен алтын арзандоодо

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Йорктун Comex биржасында алтын менен күмүштүн наркы түшө баштады.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылы АКШнын Федералдык резервдик системасы (ФРС) алтынга карата баанын эсеп ченин жогорулатып жиберет деген баалуу металлдын баасы түшүп кеткенин соодалашуулардын жыйынтыгы көрсөттү. 

Бүгүн эртең менен Нью-Йорктун Comex биржасында 0,8 долларга, же 0,07 пайыз төмөндөп, үчтүк унциянын баасы 1140,60 долларга чейин түштү. Ал эми күмүштүн баасы ошол эле келишим боюнча 0,59 пайызга төмөндөп, унциясы 15,48 доллар болду.

Добыча и переработка золотоносной руды в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызалтындан" алтын уурдалды
Быйыл жайда алтындын баасы беш жылдан берки эң төмөн чегине жеткен. Буга АКШнын ФРСи үстөк эсептик ченемин жогорулатат деген күтүүлөр себеп болуп, бирок сентябрдын башында ал эч өзгөрүүсүз калган. Өнүгүп келе жаткан рынкоктордогу өзгөрүүлөр АКШнын жөнгө салуучу мекемесин эсеп ченин жогорулатуудан баш тартууга мажбур кылат деген үмүт менен кийинчерээк алтын баасы көтөрүлгөн болчу. Күтүлгөндөй, эсептик пайыздардын азыркыдан жогору болушу алтын баасына кысым көрсөтөт. 

Өткөн шаршембиде АКШнын ФРСи, серепчилер күткөндөй эле, эсептик пайыз ченин төмөн чегинде — 0-0,25 жылдык пайыз менен сактап калган. Ошону менен катар, декабрда инфляция жана башка көрсөткүчтөргө байланыштуу эсептик чен көтөрүлүп кетиши мүмкүндүгүн Федрезерв билдирген. Өлкөнүн экономикасы жөнүндө регулятор аны "орточо" тездик менен өсүүдө деген. 

ФРСтин билдирүүсү америкалык валютанын бекемдешине алып келген жана бул да металлдын баасына таасир этти.

Жаңылыктар түрмөгү
0