БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын негизги донору Россия эки жыл ичинде 3,5 миллион АКШ долларын айыл аймактарындагы 201 долбоору үчүн короткон. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигине Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын аймактык кеңсесинин коомчулук менен байланыш боюнча эксперти Мирлан Дыйканбаев билдирди.
Анын айтымында, долбоор Нарын облусунда 2014 жана 2015-жылдары иштеген. Былтыр 76 долбоор ишке ашса, быйыл 125 долбоор аткарылган. Ага үч райондон ондон айыл катышкан.
"Долбоор түрдүү тармакты ичине камтыды. Ал коммерциялыктан тартып, айылдыктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган социалдык тармакка чейин камтыды. Мисалы, Ак-Муз айылында өлгөн малды жок кылуучу аң салынды. Ошондой эле, таза суу менен камсыздоо жакшыртылып, ветеринардык кызмат түзүлгөн", — деди ал.
Дыйканбаев кээ бир долбоорлорлу ишке ашырууда айылдыктар да жардам акча чогултуп, салым кошкон.
"Программанын алкагында алынган техникалар айыл-аймактарга катталган. Эгер ал өз максатында колдонулбаса аймак аны башка кызыктар богон айылдарга берип коюуга укуктуу", — деди ал.
БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов ушундай эле программа кийинки жылы Ош облусунда баштала турганын айтты. Ал Россиянын каржылык колдоосу аркылуу ишке ашат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.
Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.
Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...
Гүлнара Жасоолова, психолог:
— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.