Сариев: дыйкандар насыяны оңой алгыдай болушу керек

Жазылуу
Учурда айыл чарба тармагын колдоого багытталган насыяларга долбоорлор "Айыл Банк", РСК-Банк жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу тандалууда.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Айыл чарба тармагын колдоого арналган насыяларды дыйкан фермерлер жеңил шартта алышы керектигин премьер-министр Темир Сариев 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан айыл чарба тармагын колдоо боюнча жумушчу жыйында билдирди. 

Сариев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан айыл чарба тармагын колдоого багытталган насыяларды калыс жана жеткиликтүү бөлүштүрүү маанилүү экенин белгилеп, бул жааттагы ишти күчөтүү зарылчылыгы турганын билдирди.

"Бул насыяларга суроо-талап абдан чоң. Бирок калк арасында жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй жатат. Насыя берүүнү тездетүү иштерин күчөтүү керек", — деди өкмөт башчы.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 24 ишканасын 136 млн. сомго каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалагынын төрайымы Нурсулуу Ахметованын маалыматына караганда, учурда айыл чарба тармагын колдоого багытталган насыяларга долбоорлор "Айыл Банк" жана РСК-Банк жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу тандалууда.

Премьер-министр аталган банктардын жетекчилери айыл чарба тармагын колдоо жана кардарларга сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча башкаларга үлгү болушу керектигин билдирди.

Муну менен катар Сариев Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каржыланган насыялардын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн аз өлчөмдөгү насыяларды микрокредиттик компаниялар аркылуу берүү жолун караштырып көрүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0