Декабрь айында "Кыргыз Экспо 2015" бизнес-форуму өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарындагы кызыл аянт. Архив
Москва шаарындагы кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форум ЕАЭБ өлкөлөрүн Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу максатын көздөйт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-11-декабрь күндөрү Москва шаарында кыргыз бизнесине жана ЕАЭБ шартындагы экспортуна арналган "Кыргыз Экспо 2015" бизнес-форуму өтө турганын Sputnik агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Базардагы сатуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер соода көлөмүнүн азайышын түшүндүрүштү
Форумдун башкы темасы — Россия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна этап менен чыгуу, жаңы аспектилерди чагылдыруу жана ЕАЭБ мамлекеттеринин тажрыйбалары менен таанышуу болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрү чакырылган. Форумга айыл чарба, текстиль, азык-түлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жана жеңил өнөр жай ишкана өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0