2015-жылы насыя карызынын көлөмү 1,81 млрд. сомго жетиши күтүлүүдө

Жазылуу
2014-жылы бюджеттик резерв менен жоготуу 7 миллиард 388,6 миллион сомду түздү, анын 203,3 миллион сому бюджетке кайра кайтарылууга тийиш.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2014-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө КР Өкмөтүнүн отчетунда бюджеттик резерв менен жоготуу 7 миллиард 388,6 миллион сомду түзгөндүгү айтылды. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова бул сумманын ичинде 203,3 миллион сом бюджетке кайра кайтарылууга тийиш болсо, аудит учурунда 108,6 миллион сом ордуна коюлгандыгын билдирген. Анын айтымында, 137,7 миллион сом натыйжалуу пайдаланылган эмес.

"Акыркы жылдары Кыргызстандын тышкы карыздарынын көлөмү кескин өсүп баратканы, насыя карыздарынын өлчөмү да теӊ эмес экени белгиленди. 2015-жылы насыя карызынын көлөмү 1,81 миллиард сомго жетиши күтүлүүдө", — деп билдирди маалымат кызматы.

Таратылган маалыматта карыздардын топтолушу кандайдыр бир каржылык түз тобокелчиликтерге алып келбегени менен, ал каржылык саясатта жагымсыз жагдайларды жаратышы мүмкүндүгү билдирилген.

Комитет мүчөлөрү 2014-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө өкмөттүн отчетун жактырып, ЖК кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0