Жыл башынан бери Нарында жарым миллион тонна көмүр казылган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр казуу. Архив
Көмүр казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунда көмүр казуу менен 14 ишкана алектенет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Нарын облусунда жыл башынан бери 514,6 миң тонна көмүр казылган. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 100 миң тоннага көп экенин Экономика жана өнөр-жай министрлиги билдирди.

Учурда көмүр казуу менен 14 ишкана алектенет.

Министрликтен маалымдашкандай, акыркы беш жылдан бери көмүр казуу үч эсе көбөйгөн.

2012-жылы 379,8 миң тонна кара алтын казылган. Ал эми 2013-жылы көмүр казуу дароо көбөйүп, анын көлөмү 412,1 миң тоннага жеткен. Былтыр 414,7 миң тонна көмүр өндүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0