Карашев кымбаттап кеткен авиабилеттердин баасын жөнгө салууну тапшырды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минердин маалыматы боюнча, акыркы эки айда авиабилеттердин баасы кескин жогорулап кеткен.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Авибилеттердин баасы кескин жогорулашын жөнгө салуу зарыл экенин биринчи вице-премьер Аалы Карашев "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки айдын ичинде ички жана эл аралык каттамдарга билет баасы кескин көтөрүлүп кеткен. 

"Тийиштүү мамлекеттик органдар жарандардын кызыкчылыгын коргоп, баага көзөмөл жүргүзүшү керек", — деди Карашев.

Москвага авиабилеттер сентябрдын ортосунан тарта арзандайт
Жыйында атка минер кыш мезгилинде учак менен жүрө тургандардын саны кыйла жогорулашынан  авибилеттердин кымбатташына байланышкан кырдаалды тез арада жөнгө салуу зарылдыгын белгиледи.

Учурдагы абалды эске алуу менен биринчи вице-премьер Жарандык авиация агенттигине Монополияга каршы агенттик менен бирге кыска мөөнөттө маселени чечүү боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. 

Мындан тышкары, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун инфраструктурасын заман талабына ылайыкташтырууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууга тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0