Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тикелей каржылоонун алгачкы этабын баштады

Жазылуу
Фонддун каражаты айыл чарба жаатындагы алдыңкы технологияларды пайдаланууга, өндүрүш жабдыгын сатып алуу жана модернизациялоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында пайдаланылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ири айыл чарба долбоорун тикелей каржылоонун алгачкы этабын баштап, агрокомпанияга 2,8 миллион доллар бөлгөнүн аталган фонд билдирди.

Улуттук валюта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерге 608 миллион сом бөлдү
Маалыматка ылайык, 7,2 миллион долларлык долбоор үч этап менен каржыланат. Кийинки эки этап 2016-2017-жылдары каралмакчы.

Фонддун каражаты айыл чарба жаатындагы алдыңкы технологияларды пайдаланууга, өндүрүш жабдыгын сатып алуу жана модернизациялоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында пайдаланылат.

Акча бөлүнгөн агрокомпания 2003-жылы түзүлүп, 2011-жылдан тарта өз активдерин туруктуу жогорулатып, өндүрүштү жогорулатып, Кыргызстандагы атаандаштыкты күчөтүп келет. Буга чейин айыл чарба тармагынын бир катар багыттарын өздөштүргөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0