"Кыргызстан — Кытай" темир жол курулушунун негиздемеси даяр болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТранспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.
Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кыла турган республикалык жана эл аралык маанидеги транспорттук долбоорлорду өз учурунда, сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Кыргызстан — Кытай" темир жол курулушунун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип чыкты. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгондо айтты.

Архив: Темир жол - Sputnik Кыргызстан
КР делегациясы Пекинге "Кыргызстан –Кытай" темир жол долбоорун сүйлөшүүгө жөнөп кетти
Мамлекет башчысы мындан бир жылдай мурда долбоорду ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытайдын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берген.

Министр андан тышкары мамлекет башчысына транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде келечекте эл аралык транспорттук коридор боло турган, өлкөбүздүн региондору үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон автомобиль жолдорун куруу жана реабилитациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Атамбаев өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылууда республикалык жана эл аралык маанидеги транспорттук долбоорлорду өз учурунда жана сапаттуу ишке ашыруунун өзгөчө маанисин белгилеп, жүргүзүлүп жаткан бардык иштерди так көзөмөлдөөнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0