Казак теңгесинин алсызданышы Кыргызстанга кандай таасир берет?

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКазакстандын улуттук акчасы. Архив
Казакстандын улуттук акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тенге дүйшөмбү күнү тарыхый минимумга түштү. Башкача айтканда Казакстандын фондулук биржасында бир АКШ доллары 322,47 теңгеге бааланды. Буга чейинки мындай төмөн көрсөткүч 9-ноябрда болуп, анда АКШ долларына болгон теңгенин катышы 312,65ке барабар болгон.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнкү сатууларда теңгенин түшүп кетиши жакынкы кыска аралыкта Кыргызстандын финансылык рыногуна олуттуу таасир бербей турганын экономика илимдеринин кандидаты Залкар Камалов Sputnik агенттигине билдирди.

Казакстандын фондулук биржасынын эртең мененки сессияларында бир АКШ доллары 322,47 теңге (77,79 сом) деп бааланды. Бул көрсөткүч жума күнкү эртең мененки сессияга салыштырмалуу 10,55 теңгеге төмөн экенин Newskaz билдирди.

АКШ доллары жана сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк сомдун кунун кармап туруу үчүн күн сайын 740 миң доллар жумшап жатат
Ошентип Казакстандын улуттук валютасы 9-ноябрда катталган тарыхый минимумду жаңыртты.

Россиянын Борборук банкы рублдин да наркы бир аз төмөндөгөнүн белгиледи. Дүйшөмбү күнү бир АКШ доллары 69,21 рубль деп бааланды. Буга чейин АКШ доллары 69,17 рубль болгон.

Камаловдун айтымында, теңге менен рублдин чайпалуусу эгер алар дароо эле түшүп кетпесе Кыргызстандын финансылык рыногуна анчейин таасир бербейт.

Теңгенин төмөндөшү Brent маркасындагы нефтинин арзандашына байланыштуу. Бул тууралуу Эл аралык энергетикалык агенттигинин 2015-2016-жылдардагы нефтиге болгон дүйнөлүк талап жөнүндөгү докладында айтылат.

"Казакстанда антикризистик программа кабыл алынды. Ал төмөнкү баалардын кармалуусунан сакташ керек. Кыргызстанда антикризистик чаралар белгилүү жерлерге гана колдонулат. Ошол эле учурда Улуттук банк кийинки интервенциялык саясатын ойлонуштурушу керек", — дейт Камалов.

Ал анын жемишинен алапайын таппай жаткан казакстандыктар да пайдалана алат дейт. Башкача айтканда Кыргызстанга келип доллар сатып алып, аны кайта алып кетсе болот.

"Валютанын төмөндөшүнөн биринчи кезекте Казакстан жана Россия менен тыгыз иштеп жаткан ишкерлер жабыркашат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн улуттук валютада соода кылууга болгон аракети кармалууларды жумшартышы мүмкүн", — деп кошумчалады ал.

Камалов КР өкмөтүнүн ири соода-сатыктарды улуттук валютада жүргүзүү идеясы карапайым калкка доллардын жана коңшу мамлекеттердин валюталарынын кескин чайкалуусун анчейин сезбегенге жардам берет.

Ал эми эл аралык экономика боюнча адис Аделя Нургалиева теңгеге, рубль жана сомго карата пессимисттик божомол берет.

"Казакстандын экономикасы нефтинин баасынан, Россия менен Кытайдын экономикалык өнүгүүсүнөн абдан көз каранды. Түрдүү болжолдоолор жана нефтинин баасына карата бир АКШ доллары 280-375 теңгеге чейин жетиши мүмкүн", — дейт адис.

Нургалиева эгер учурдагы теңгенин курсу ушул бойдон сактала турган болсо Казакстандын улуттук валютасынын долларга болгон катышы 300±10-20га барабар болорун айтат. Ал эми Россияда жыл аягында бир доллардын курсу 70 рублдан ашышы мүмкүн. Февралда орус рублинин куну долларга карата 73-74 болушу мүмкүн экенин адис божомолдойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0