Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү үчүн 20 миң доллар төлөндү

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүАлтын табуу. Архив
Алтын табуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтындын запасы Теректе 14,644 тонна, Перевальное кенинде 7,502 тонна, ал эми Терекканда 5,062 тонна экени маалым.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштете турган "Эти Бакыр Терексай" ишканасы лицензия үчүн 20 миллион долларды толугу менен төлөгөнүн Геология жана минералдык ресурстар агенттиги билдирди.

Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Терек" кениндеги алтынды "Кыргызалтын" менен түрк ишкерлери казат
Маалыматка ылайык, лицензия сынак жеңүүчүсүнө эким беш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

Мында кенди иштете турган компания талапка ылайык, аймакта алтын чыгаруучу фабрика куруп, аны менен бирге калдык сактоочу жайды эки жылдын аралыгында ишке киргизүү, курулуш маалында чет элдик адистерди тартуу жана бекитилген стандартка ылайык керектүү товарларды сатып алуусу керек.

Чаткал районунан орун алган Терек кени 1941-жылы, ал эми Тереккан 1934-жылы ачылган. 1950-2001-жылдардын аралыгында аталган кендерди Кадамжай сурма комбинаты иштетип келген. Алтындын запасы Теректе 14,644 тонна, Перевальное кенинде 7,502 тонна, ал эми Терекканда 5,062 тонна экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0