Өкмөт жакын арада "Кумтөр" боюнча жаңы сунуш берет

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 22-декабрь күнү кыргыз өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо макулдашуусун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялаган.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өкмөт "Кумтөр" боюнча жаңы сунуш бере турганын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүдөн чыкты
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүнү токтотуп, бул тууралуу компанияга кат жиберилген. Премьер-министр мындай чечимди кабыл алууга Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргызстандын сунуштарына макул болбой, биргелешкен ишкананы каттоо жана корпоративдик башкаруу маселелери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги боюнча кыргыз тарап үчүн ылайыксыз бир катар сунуштарды берген.

Ошондой эле аталган ишкана кендеги экологиялык маселелерди чечүү боюнча "АМЕС" компаниясынын сунуштарын аткарууга көнгөн эмес.

"Centerra Gold Inc. "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкананы оффшордук зонада түзүү, аны башкаруу боюнча компанияга берүүнү суранды. Ошондой эле экологиялык төлөмдөрдү үч миллион долларга чейин көтөрүү боюнча сунушка макул болбой, бир миллион доллар төлөөнү сунуштады. Буга байланыштуу Centerra Gold Inc.компаниясы менен "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүнү токтотуу чечими кабыл алынды", — деди Сариев.

Премьер-министр өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы сунуштарды берээрин айтты. Анда негизинен экономикалык жана экологиялык маселелерге басым жасоо менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бериши зарыл экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0