Темир Сариев: "Мегакомдон" түшкөн каражат ооруканаларды оңдоого жумшалат

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCom компаниясынын сим-картасы. Архив
MegaCom компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын айтымында республика боюнча ооруканаларга инвентеризация жүргүзүлүп жашыл, сары, кызыл түстөргө бөлүнгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Келерки 2016-жылы ооруканалардын абалын жакшыртуу үчүн сатыкка коюлган "Мегаком" компаниясынан түшкөн каражаттын бир бөлүгүн жумшайбыз, деп парламенттин жыйынында Темир Сариев билдирди. 

Анын айтымында республика боюнча ооруканаларга инвентеризация жүргүзүлүп жашыл, сары, кызыл түстөргө бөлүнгөн. Жашыл-ремонт жасалган ооруканалар, сары-ремонт жасоого муктаж жана кызыл-жараксыз болуп, жаңы оорукана куруу керек экендигин билдирет. 

"Түркиялык "Себат" фирмасы келерки жылы ири медициналык борбор курууну пландап жатат. Биз бул демилгени албетте мамлекет тарабынан колдоого алабыз", — дейт премьер. 

Өкмөт башчы оорукана таңкыстыгын жоюунун жакшы жолу жеке медициналык борборлордун ачылышына колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи. 

Премьердин пикирин колдоого алган депутат Махабат Эргешова оорукана танкыстыгы жоюлбаса, айрым жерлерде эркек-аялдар бир палатага чогуу жатып калган учурлар кездешип жатканын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0