Посещение Темира Сариева скотобойного цеха “Торо” в Аламудунском районе

Сариев: айыл чарбаны өнүктүрүүгө ар бир райондун шарты бар

47
(жаңыланган 18:26 25.12.2015)
Өкмөт башчы Кыргызстандын ар бир дубанында чакан цехтерди, күнөсканаларды, логистикалык борборлорду жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга толук шарттар бар экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Айыл чарба тармагын жакшыртууга Кыргызстандагы ар бир райондун шарты бар экенин премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехинин жана "Зеленая линия" күнөсканасынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

  • Ысык-Ата райондорундагы Торо мал союучу цехи.
    Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ысык-Ата райондорундагы Торо мал союучу цехи.
    Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ысык-Ата райондорундагы Торо мал союучу цехи.
    Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Зеленая линия күнөсканасы
    "Зеленая линия" күнөсканасы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Зеленая линия күнөсканасынан алынган түшүм
    "Зеленая линия" күнөсканасынан алынган түшүм
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.

Ишканаларды кыдыруу учурунда премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ар бир райондо ушундай чакан цехтерди, күнөсканаларды, логистикалык борборлорду жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга толук шарттар бар экендигин белгиледи. 

"Бул үчүн кыргыз-орус фондунун эсебинен "РСК" жана "Айыл банкта" жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Каражат алып иштетип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылып, киреше таап, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкула", — деди Сариев.

Маалыматка ылайык, цехте күнүгө 50 бодо мал жана 150 кой-эчки союлуп, 45 адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми күнөсканада күнүнө бир тонна помидор жана бадыраңдын түшүмү алынат, анда 35 адам жумуш менен камсыз болгон.

47
Белгилер:
район, ишкана, Темир Сариев, Чүй облусу
Тема боюнча
Өкмөт башчы айыл чарбасын заманбап технология менен өнүктүрүү керектигин айтты
Сариев Орус-кыргыз кеңешин айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чакырды
Киш эт саткан базарда. Архив

Кыргызстандан чыккан ич этти 4 өлкө тонналап алат

85
(жаңыланган 10:19 14.06.2021)
Акыркы төрт айдын ичинде Кыргызстандан эң көп ич эт Гонконгго экспорттолгон. Малдын ич эти сатылган мамлекеттердин арасында Египет дагы бар.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан апрелге чейин Кыргызстандан малдын 315,7 тонна ич эти экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Мекеме "малдын ичеги-карыны" товардык номенклатура боюнча маалымат берген. Анда жеткирүүнүн жалпы көлөмү 367, 8 миң долларга бааланган.

Акыркы төрт айда Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттер:

  • Гонконг — 216,2 тонна;
  • Түркия — 51,7 тонна;
  • Вьетнам — 28 тонна;
  • Египет — 19,8 тонна.

Белгилей кетсек, Вьетнам былтыркы жылы да алган. Бирок I кварталдын жыйынтыгы боюнча, аталган товар бул мамлекетке экспорттолгон эмес. Акыркы төрт айдын ичинде Вьетнам кайрадан Кыргызстандан ич эт алган мамлекеттердин катарына кирген.

85
Белгилер:
эт, статистика, экспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Алиаскаров: былтыр ЕАЭБге 3 158 тонна балык экспорттолду
Акча санап жаткан кассир. Архив

Төрт айда Кыргызстандан сыртка которулган каражат рекорддук чекке жетти

64
(жаңыланган 09:36 14.06.2021)
Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын январь-апрель айларында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2021-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан чет жактарга 169,1 миллион доллар акча которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Мында сөз жеке адамдардын акча которуу тутуму аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат. Эгерде башка жылдардагы алгачкы төрт айдын көрсөткүчтөрүн алсак, быйылкы сумма рекорддук чекке жеткен.

Төмөндө ар башка жылдардын төрт айындагы маалыматтар келтирилди (суммасы 120 миллион доллардан ашкан жылдардагы маалыматтар гана көрсөтүлдү):

2020 — 132,3 миллион;

2019 — 163,3 миллион;

2018 — 151,4 миллион;

2014 — 134,2 миллион.

64
Белгилер:
чет өлкө, Акча которуулар, Кыргызстан
Тема боюнча
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү
Жогорку Кеңештин депутатынын иштеген жери. Архив

УКМК: жасалма диплом колдонуп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты аныкталды

0
(жаңыланган 11:48 14.06.2021)
Депутат 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Ал билим алуу акысын төлөбөй койгону үчүн четтетилген.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин З.Т.З. аттуу депутаты жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөнүн аныктаганын билдирди.

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин З.Т.З. аттуу депутаты жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөнүн аныктаганын билдирди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Маалыматка караганда, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер З.Т.З. жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Мындан ташкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУдан УКМКга З.Т.З университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок экенин жана анын дипломунда көрсөтүлгөн номер башка жаранга берилгенин билдиришкен
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин З.Т.З. аттуу депутаты жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып жүргөнүн аныктаганын билдирди

Маалыматка караганда, УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, мурдагы вице-спикер З.Т.З. жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталган.

"Ал 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби — билим алуу үчүн акыны төлөгөн эмес. ЖКнын депутаты жасалма дипломду экинчи жогорку билим алуу үчүн, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде дагы колдонгон", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мындан ташкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУдан УКМКга З.Т.З университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок экенин жана анын дипломунда көрсөтүлгөн номер башка жаранга берилгенин билдиришкен.

Депутат ЖК 6 созыва Торобай Зулпукаров от партии СДПК на заседании. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров

Белгилей кетсек, бул инициалдар ЖК депутаты, учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Төрөбай Зулпукаровго туура келүүдө. Ал Кумтөр иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип жатат.

0
Белгилер:
кылмыш иши, диплом, Жогорку Кеңеш, УКМК, Төрөбай Зулпукаров
Тема боюнча
УКМК: Динара Молдошева Кумтөр иши боюнча шектелүүдө
Пачка-пачка доллар, алтын буюмдар. Бажычынын үйүн, кабинетин тинткен видео