Жаңы жыл алдында кесме менен май кымбаттады

Жазылуу
Дүкөндөрдөгү бааларга жасалган мониторинг тамак-аштын кайсыл түрлөрү көбүрөөк колдонуларын көрсөттү.

БИШКЕК, 27- дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн жумага салыштырмалуу ун азыктары – кургак кесмелер, картошка, төө буурчак жана май кымбаттаган. Кой менен уйдун эти жана мунай заттарынын баасы бир аз түшкөн. Бул туурасында Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бензиндин баасы бир сомго арзандады
Кургак кесмелердин баасы өткөн айга салыштырмалуу эки сомго кымбаттап, эми анын 1 килограммы 45,8 сомдон сатылууда.

Каймак майга баа анча көп кошулган эмес (0,8 пайыз), учурда наркы 287 сом.

Министрлик күйүүчү жана майлоочу майлардын аз да болсо арзандагандыгын Нефти трейдерлер ассоциациясы билдирген.

Буудай 5,58 пайызга, биринчи сорт ун 3,02 пайызга, экинчи сорту 2,84 пайызга, уй эти 3,46, ал эми кой эти 2,97 пайызга, ал эми кумшекер 0,22 пайызга арзандаган.

Эгерде базарда уйдун эти 310 сом болсо, азыр 299 сомго түшкөн. Койдун эти 11 сомго арзандап, 288 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0