Кыргыз-орус өнүктүрүү фонд бөлгөн 1,2 миллиард сом январдын аягына чейин өздөштүрүлөт

Жазылуу
Учурда 65 чакан жана орто ишканага 12 пайыздык үстөк менен 512 миллион сом бөлүндү.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 1,2 миллиард сом 2016-жылдын январь айынын аягына чейин өздөштүрүлө турганын аталган фонд билдирди.

Маалыматка ылайык, фонддун атынан ишкерлерге каражат берүүчү эки банк учурда 971 миллион сомдук 78 ишкананын арызын канааттандырган. Бул жалпы бөлүнгөн сумманын 81 пайызын түзөт. Жалпы жонунан 4,9 миллиард сомдук 352 долбоордон арыз түшүп, бул мурунку аптага караганда 20 пайызга көп экени белгилүү болду.

Бишкек менен Көлдөгү аэропорттун ремонтуна Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду акча бөлөт
Учурда 65 чакан жана орто ишканага 12 пайыздык үстөк менен 512 миллион сом бөлүндү. Мында насыя негизинен айыл чарба тармагына көп берилүүдө. 

Аймактык жактан алганда фонд Чүй облусунан түшкөн долбоорлорду каржылоодо. Экинчи орунду Ош менен Жалал-Абад облустары ээлеген, андан кийин Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Талас аймактары турат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду былтыр түзүлүп, Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрү ортосундагы макулдашуунун негизинде иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0