Кыргызстандын билим берүү тармагына Евробиримдик 6 миллион грант бөлдү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЕвросоюздун желеги. Архив
Евросоюздун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грант билим берүү тармагын 2020-жылга чейин колдоого бөлүнгөн 20 миллион евронун бир бөлүгү болуп саналат.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Евробиримдик тарабынан 20-декабрда билим берүү тармагына бөлүнгөн 5,7 миллион евро 29-декабрь күнү Финансы министрлигинин казынасына түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Библиотеканын келүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги электрондук китепкана түзүү ниетинде
Маалыматка ылайык, грант билим берүү тармагын 2020-жылга чейин колдоого бөлүнгөн 20 миллион евронун бир бөлүгү болуп саналат.

Программа билим берүү тармагындагы техникалык жана педагогикалык стандарттарды реформалоого багытталган. 

Бюджеттик колдоодон сырткары Евробиримдик саясат боюнча консультацияларды берүү менен Финансы министрлигинин кызматкерлерине окутууларды өткөрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0