Тейлөө тармагынын өсүшү экономиканы алдыга сүйрөп баратат

Жазылуу
Каатчылык биринчи иретте чийки заттар боюнча экономикага тийип өттү. Кыргызстандагы тейлөө тармагынын эсебинен, тескерисинче, экономика өсүш алууда. Мындай пикирин Тышкы иштер министри билдирди.

 БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы экономиканын азыркы түзүмү Кыргызстанды кризистен сактап калды деп билдирди журналисттерге Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Кыргызстан тейлөө кызматтарынан улам каатчылыктан кыйгап өттү.

"Бул тармак бизде жакшы өнүккөндүктөн улам, кризистин каарын тарткан жокпуз"— деди министр.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдө инвестициялык долбоорлор азайып, бюджет кыскарып жатат. Ал эми Кыргызстанда экономиканын 3 пайызга жакын өсүшү жана кирип жаткан инвестициянын агымы байкалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0