"Кыргызстан – Кытай" темир жолун курууга аракеттер көрүлүүдө

© SputnikТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниси бар транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу керектигин айтып, транспорт министрини тапшырма берди

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Министр улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен "Кыргызстан – Кытай" темир жолунун курулуш долбоорун илгерилетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Кытай заводундагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайдан жогорку технологиялык ишканаларды тартып келүү ниетинде
Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрине өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниси бар транспорттук-коммуникациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга тиешелүү бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле мамлекет башчысына эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун курулушу жана реабилитациялоо иштеринин жүрүшү, өлкөнүн аэропортторун реконструкциялоо жана кайрадан жабдуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0