Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы алдыдагы үч жылда илгерилейт

Жазылуу
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ИДП 2 пайызды түзсө, быйыл 4,2 пайызга жетет деп болжолдонууда.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы алдыдагы үч жылда өсө турганы Дүйнөлүк банктын "Глобалдуу экономикалык перспективалар" аттуу докладында айтылат.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ИДП 2 пайызды түзсө, быйыл 4,2 пайызга жетет деп болжолдонууда. Кийинки эки жылы өсүү темпи бир аз басаңдап 3,4 жана 4,3 пайызды түзөт.

Столдогу акча жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркы депутаттар 60 млн. сомдон ашуун каражатты үнөмдөйбүз деп жатышат
Банктын божомолунда ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын өсүү темпи жогору болот. Мисалы, божомолдорго ылайык 2017-жылдагы ийгиликтерге жетүү үчүн Россия экономикасы быйыл 0,7 пайызга кыскара турганы айтылган.

Бул жылы Белоруссиянын экономикасы 0,5 пайызга төмөндөй турганы айтылууда. Кийинки эки жыл аралыгында болгону 1 пайыздык өсүш божомолдонгон. Армения менен Казакстанда 2018-жылы боло турган ИДПнын өсүшү 3 жана 3,4 пайыздын чегинде болот, ал эми ага чейин көрсөткүч кыйла төмөн болору айтылууда.

Докладдагы маалыматка ылайык, Европа менен Борбордук Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсү 2015-жылы 2,1 пайызга чейин жайлап кеткен. Буга нефть баасынын төмөндөшү, Украинадагы чыр-чатак жана Россиядагы экономикалык абалдын начарлашы себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0