Улуттук банк валюта насыяларын сомго өткөрүүнү жеңилдетти

Жазылуу
Башкы финансылык мекеме потенциалдык чыгаша резервдерин түзүү боюнча талаптарды беш эсеге азайтты. Чечим 20-январдан баштап күчүнө кирет.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Улуттук банк валюта насыяларын сомго өткөрүүдө боло турган чыгымдар үчүн резерв түзүүнүн талаптарын беш эсеге азайтты. Бул тууралуу мекеменин сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, коммерциялык банктарга коюлган талаптарды кыскартуу тууралуу Улуттук банктын башкармалыгы кабыл алган токтомдо айтылган. Бул ислам принциптери менен иш алып барган финансылык мекемелерге да тиешелүү болмокчу.

"Валюта насыясын сомго которуудагы чыгымдар үчүн резерв түзүү боюнча талаптар 25 пайыздан 5 пайызга чейин кыскарды", — деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөртүүлөр 2016-жылдын 20-январынан баштап күчүнө кирет.

Буга чейин насыялардын алгачкы реструктуризациясы үчүн талаптар 5 пайыздан 2 пайызга чейин кыскарганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0