Панкратов: картон жана таңгак даярдаган ишканалар макулатурага муктаж

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүМакулатураны чогулткан ишкана. Архив
Макулатураны чогулткан ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул көйгөйдү чечүү максатында вице-премьер ишкерлер менен жыйын өткөрүп, макулатура ташуу боюнча коюлган чектөөлөрдү алуу маселеси Евразиялык экономикалык комиссиянын чогулушунда козголушу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги жыйынында макулатурага болгон чектөөнү алуу тууралуу маселе көтөрүү керек. Мындай тапшырманы вице-премьер Олег Панкратов макулатураны кайра иштеткен ишканаларга берди.

Анын айтымында, макулатурадан картон жана таңгак даярдаган жергиликтүү ишканалар айрым кыйынчылыктарга туш болууда.

"Республика боюнча жыйналган чийки заттын көлөмү жетишсиз. Ишкерлер Казакстандан сырье сатып алууга даяр, бирок ал жакта ушу кезге чейин үчүнчү өлкөлөргө макулатура ташууга чектөө коюлган. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бул чектөөлөр алып салынышы керек", — деди Панкратов.

Ишкерлер менен өткөрүлгөн жыйын жүрүшүндө вице-премьер кыргыз тарап Казакстанга бул боюнча бир нече ирет нота жибергенин, бирок ушу кезге чейин жооп боло электигин айтты.

"Мындан улам макулатура ташууга чектөөлөрдүн алып салуу боюнча маселе ЕЭКтин кезектеги жыйынында көтөрүлүшү керек", — деди атка минер.

Панкратов өкмөт жергиликтүү ишкерлерди колдоосун уланта берерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0