Жазгы талаа иштери. Архив

Карашев: 25-январдан тартып фермерлер жеңилдетилген насыя ала баштайт

50
(жаңыланган 15:44 13.01.2016)
Биринчи вице-премьер "Айыл чарбаны каржылоо-4" долбоору боюнча фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү боюнча жыйын өткөрдү.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өкмөт үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тартып фермерлерге жеңилдетилген насыя бере баштай турганын биринчи вице-премьер Аалы Карашев насыя берүү боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, үстөк ставканы субсидиялоого 400 миллион сомдон кем эмес каражат каралууда. 

"Жазгы айдоо иштери үчүн 12 пайыздык үстөк менен 3 миллиард сомдук насыя берилет. Бирок бул акча да жетишсиз", — деди Карашев.

Биринчи вице-премьер жеңилдетилген насыя менен каржылоо жетиштүү деңгээлде болбой жатканын айтып, мындан улам Улуттук банк, "Айыл Банк", "РСК банк", Каржы жана айыл чарба министрликтерине насыя берүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча тапшырма берди.

Жыйын жүрүшүндө былтыр фермерлерге 3,8 миллиард сомдун чегинде жеңилдетилген насыя берилип, анын 74 пайызы мал чарбачылыгына, 12 пайызы өсүмдүк өстүрүүгө жана 14 пайызы башка тармактарга жумшалганы белгилүү болду.

50
Белгилер:
мал чарбасы, фермер, насыя, Аалы Карашев
Тема боюнча
Сариев: айыл чарбаны өнүктүрүүгө ар бир райондун шарты бар
Өкмөт башчы айыл чарбасын заманбап технология менен өнүктүрүү керектигин айтты
Кумтөр алтын кени. Архив

ЖК “Кумтөрдү” башкарууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Шарттары

24
(жаңыланган 00:02 07.05.2021)
Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш 6-майдагы жыйыныда корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзам) өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Демилгечилер эл өкүлдөрү Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков болду.

Мыйзам долбооруна ылайык, концессионер ишкана өз ишмердүүлүгүндө элдин саламаттыгына жана экологияга кооптуулук жаратса, аны сырттан башкаруу боюнча өкмөт чечим кабыл алуусуна шарт түзөт.

Депутат Дастан Бекешевдин “кеп “Кумтөр” ишканасы тууралуу болуп жатабы?” деген суроосуна баяндамачы Акылбек Жапаров “атын атайын атабай жатканын, бирок концессионер катары бир гана “Кумтөр” иштээрин билдирди.

Жапаровдун айтымында, министрлер кабинетинде мыйзамга ылайык өз укугун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ал ушул тапта экологияга келтирген зыян боюнча 3,2 миллион долларлык доо арыз каралып жатканын жана 19 адамдын каза болгонун белгиледи.

Жыйынга катышып жаткан 100 депутаттын ичинен 98и мыйзам долбооруна макулдугун берди.

24
Белгилер:
Кумтөр, Жогорку Кеңеш, мыйзам долбоору
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов

Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө

2110
(жаңыланган 10:38 06.05.2021)
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов өлкөнүн жалпы суу запасы 458 миллиард куб экендигин айтты.

Кыргызстан жыл сайын Өзбекстанга 24-25 миллиард куб, Казакстанга алты миллиард куб, Тажикстанга эки миллиард куб суу берет. Ал эми Кытайга бизден жети миллард кубга жакын суу агып чыгып турат. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Сатылканов: Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнөн суу чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат.

"Өлкөдө жалпы суу запасы 458 миллиард куб метрди түзсө, анын 85 пайызы муз түрүндө, башкача айтканда, мөңгүлөрүбүз десек болот. Азыркы учурда республика аймагында дарыя суу агымы 51-52 миллиард куб, көлдөрдөгү суунун запасы Ысык-Көлдү кошпогондо 6,2 миллиард куб, жер астында 10 миллиарддан ашык жана мөңгүлөрдө 390 миллиард куб суу бар. Бул 2010-жылга карата жүргүзүлгөн улуттук баяндоонун жыйынтыгы. Ал эми СССРдин 1970-жылы чыгарган мөңгүлөр каталогун карай турган болсок, мөңгүлөрдүн 493 миллиард куб метр болгонун көрөбүз. 2000-жылы 417 миллиард куб болуп азайган. Бул сандар мөңгүлөрдүн кескин түрдө эрип жатышынан кабар берет. Муну дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү менен байланыштырсак болот. Жалпысынан Кыргызстан жер астындагы да, жер үстүндөгү да сууга бай өлкө. Ошондуктан кошуна төрт мамлекетти кылымдардан бери суу менен камсыздап келебиз. Бизден чыккан суунун аркасы менен 1967-1987-жылдар аралыгында Өзбекстандын айдоо аянттары 1,4 миллион гектарга, ал эми Казакстандыкы 1,3 миллион гектарга көбөйгөн. Ошол эле учурда Кыргызстанда болгону 189 миллион гектар гана айдоо жери кошулган", — деди Сатылканов.

Ал совет доорунда өлкөдөн агып чыккан суу үчүн кошуна мамлекеттер газ, көмүр жана азык-түлүк түрүндө компенсация төлөп келишкендигин, учурда мындай келишимдердин жоктугун кошумчалады.

2110
Белгилер:
Рысбек Сатылканов, саясат, запас, суу
Тема боюнча
Сатылканов: өлкөдөгү мөңгүлөрдүн 70 пайызы Ысык-Көл облусунда жайгашкан
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

0
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео