Улуттук банк 21 күн ичинде 48,5 миллион доллар сатты

© flickr.com / AntoninДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын ар бир жумасында Улуттук банк интервенция жасап келет. Кечээ, банк 3,8 миллион доллар сатты.

БИШКЕК, 22-янв. – Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк 48 миллион 450 миң доллар сатты. Бул тууралуу аталган финансылык институттун сайтына жарыяланган.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта наркын жөнгө салуу үчүн 40 жолу интервенция жасаса, анын 35 учурунда доллар саткан. 

Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто арам акчаны адалдап келген банк филиалынын жолу буулду
Шаршемби күнү 3 миллион 750 миң доллар сатылды. Январь айында 13 жолу башкача айтканда, ар бир иш күнүндө сатылган валютанын көлөмү 48 миллион 450 миң долларды түзгөн.

Эске салсак, интервенциядан сырткары Улуттук банк кассигнация кылган, башкача айтканда, накталай доллар саткан. Бирок, анын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук валютанын наркынын төмөндөшү Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттерде да байкалууда.

Кечээ, доллардын орус акчасына карата катышы 4,13 рублге өсүп, 83,5913 рубль болгонун РИА Новости Россиянын банкына шилтеме берүү менен жарыялады.

KASEнин (Казакстандын фондулук биржасы) маалыматы боюнча доллардын казак валютасына карата 9,31 теңгеге өсүп 383,91 теңгенү түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0