Депутаттар салык көзөмөлүнө чектөө киргизүүнү сунуштоодо

CC BY-SA 2.0 / Ken Teegardin / Balancing The AccountКалькулятор жана калем сап. Архив
Калькулятор жана калем сап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар учурдагы дүйнөлүк кризисти эске алуу менен өлкөдөгү салык көзөмөлүнө убактылуу мораторий киргизүү ишкерлерге мамлекет тарабынан жардам болмок деген ойдо.

БИШКЕК, 1 фев — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаттары салык текшерүүлөрүн ушул жылдын апрель айынан декабрга чейин токтотуп турууну сунуштап жатышат.

Учурда мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Демилгечи топтун айтымында бул кадам ишкерлерге жеңилдик түзөт.

Демилге учурдагы экономикалык каатчылыкты эске алуу менен көтөрүлүүдө. Депутаттар бул сунуш ишке ашса, ишкерлерге жеңилдик болорун айтышууда. 

Салык кызматы: февралга чейин карызын жойгондор айып пулдун 80%нан кутулат
Мыйзам долбоорго ылайык, чет өлкөнүн салык кызматтары мүдөөлөрүн жөнөткөн учурда, жана салыкты жашыруу фактысы катталганда текшерүү жүрүп, башка учурда токтотулат. 

Депутаттар мындай кадам ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө жардам болот деген ойдо. 

Демилгечи топ — Жогорку Кенештин депутаттары Дастан Бекешев, Чыныбай Турсунбеков, Марат Аманкулов, Эльвира Сурабалдиева, Абдувахаб Нурбаев, Азамат Арапбаев жана Автандил Кулбараков.

Бул демилге өлкөбүздө биринчи жолу сунушталып жаткан жок, буга чейин 2008-жылы апрель айынан декабрга чейин салык текшерүүлөрү токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0