Ысык-Көлдүк фермерлер валериана чөбүн Европага экспорттоп жатат

© flickr.com / Flower PhotosВалериана чөбү. Архив
Валериана чөбү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда валериана чөбү химикатсыз өстүрүлгөндүктөн, аларга сертификат берилип жогорку баада сатылууда.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүк фермерлер дары жасап чыгаруучу европалык компанияларга валериана чөбүн экспорттоп жаткандыгы тууралуу Германиянын Кыргызстандагы эл аралык кызматташуу коомунан билдиришти. 

"Акыркы эки жыл аралыгында немец компаниясы кыргызстандык фермерлерден 18 тонна валериана чөбүн сатып алган. Бул жылы фермерлер 20 тонна түшүм алууга үмүт артып жатышат", — деп жазылат маалыматта. 

Кыргызстанда жүрөк формасындагы жашылчалар өстүрүлүүдө
Ысык-Көл аймагында дары чөптү өстүргөн 400 фермер бар. Алардын бардыгы продукцияны химикатсыз өстүрөөрү маалыматта белгиленет. 

Өндүрүлгөн сырье Кыргызстандагы фармакологиялык компания тарабынан иштетилип чыгарылат. Бул продукцияга органикалык сертификаттын берилишине шарт түзүп, продукция жогорку баада сатылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0