Олку-солку доллар: Кыргызстандагы бир күндүк маянага дүйнө дүкөндөрүнөн эмне алууга болот?

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү сатып алуучу. Архив
Дүкөндөгү сатып алуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандын орточо күнүмдүк маянасы жети доллар. Бул каражатка башка өлкөлөрдүн дүкөндөрүндө тамак-аш даярдоого эмне алууга болорун Sputnik Кыргызстан иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 4-фев. – Sputnik. Кыргызстандык жарандын орточо айлык акысы 12 миң 200 сом же 162 долларды түзөт. Көрсөтүлгөн сумманы ар бир иш күнүнө бөлө турган болсок күнүнө 530 сом же жети доллар чыгат.

Доллардын наркынын жогорулашы азык-түлүк бааларына да өз таасирин тийгизип жатат. Керек болсо өзүбүздөн чыккан сүт азыктарына чейин баалардын жогорулашын байкоого болот. Экономист Айылчы Сарыбаев "Доллардын картошкага кандай тиешеси бар? Өзүбүздүн айылдардан чыккан азык-түлүктөр долларга карап кымбаттабашы керек", — дегени менен дүкөнгө киргенде сомдун кунсуз болуп баратканы дароо көзгө чалдыгат.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү жарандардын күнүмдүк жети долларлык каражаты менен жергиликтүү жана дүйнө өлкөлөрүндөгү дүкөндөрдөн эмне ала аларын карап көрдү. 

Америка Кошмо Штаты

"Ата Мекен": Сапарбаев айлык акынын аздыгынан депутаттыктан кетүүдө
АКШнын дүкөндөрүнө 7 доллар менен кирген адам ачка калышы ыктымал. Себеби, андагы баалар абдан кымбат. Мисалы, Кыргызстандагы бир күндүк маянага ал жактан жарым килограмм помидор алууга болот. Ал жакта аталган жашылчага болгон баа 12-13 долларды түзөт. Бирок, арзан дүкөндөрдү издеп таап жети долларга 1 килограммдан картошка менен помидор алууга болорун билдик. 

АКШ жаранынын 2015-жылга карата орточо айлыгы — көчө шыпыргычтыкы 2 миң 058 долларды түзсө, жетекчилик кызматтагылардыкы 9 миң 841 доллар болгон. 

Франция

Европа өлкөлөрүнүн бири Францияда 7 долларга (6,42 евро) тез татым азыктарынан башка тоюмдуу тамак алуу мүмкүн эмес. Өлкөдө азык-түлүк баалары салыштырмалуу абдан эле кымбат. Мисалы, Кыргызстанда 6,42 еврого тамак-аштын 4-5 түрү келсе, Францияда бул акчага 1 литр сүт менен шоколад алууга болот. 

Франциядагы орточо маяна — көчө шыпыргычтыкы 1 миң 200 евро, ал эми кызматкерлердики 2 500 еврону түзөт. 

Кыргызстан, Казакстан, Россия

Бул өлкөлөрдө баалардын айырмасы анча чоң эмес. Керек болсо аталган өлкөлөрдөгү айрым азык-түлүктөр Кыргызстанга салыштырмалуу арзан болуп калат. Мисалы, тоок этинин бир килограммы Кыргызстанда 133 сомдон жогору болсо, Казакстанда 120 сомго сатылат. 

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Февралдын ортосунан баштап мамлекеттик ипотека насыясы бериле баштайт
Ал эми жашылча-жемиштер Кыргызстанда арзаныраак келет. Бир килограмм помидор Казакстанда 133 сом болсо, Кыргызстанда 84 сомдон башталат. Ал эми Россияда салыштырмалуу суу май 10-20 сомго арзан келет.

Жети доллар Кыргызстанда — 530 сом, Россияда — 539 рубль, Казакстанда — 2 миң 653 теңгени түзөт. 

Бул каражатка үч өлкөдөн орточо эсеп менен жарым килограмм эт, бир литр суу май, бир килограмм күрүч жана помидор алса болот. 

Алынган азык-түлүктөн 2-3 адамга ылайыктап тамак да жасаса болчудай. Бирок, тамакка суу май менен эттен башка пайдалуу жашылча-жемиштерди кошууну кааласаңыз кошумча каражат керектелет.

Өлкөлөрдөгү орточо маяна: Кыргызстанда – 12 миң 200 сом, Казакстанда – 124 миң 227 теңге, Россияда – 35 миң 395 рубль.

Афганистан

Жети доллар 480 афгани валютасын түзөт. Доллардын наркынын өсүүсү Афганистандагы азык-түлүк бааларына таасир эткен. Буга ылайык баалар 10-20 афганиге чейин кымбаттаган.

Ошондой болсо да 480 афганиге 12 жумуртка, 5 килограмм картошка, 1 нан, бир литр сүт жана тооктун этин алууга болот.

Азык-түлүккө болгон баалар афган эли үчүн абдан эле кымбат. Анткени, өлкөдөгү орточо айлык 34 долларды гана түзөт.

Уганда

Уганда өнүкпөй калган мамлекеттердин катарына киргени менен ал жакка барган туристтердин саны арбын. 

Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Оторбаевге эмгек жамааты айлык акынын аздыгын айтып даттанышты
Жапайы жаратылышты көргүсү келгендердин көпчүлүгү Угандага сапар тартышат. Андагы аба ырайынын эң жогорку деңгээли +30 градус, эң төмөнү +20 градустан ашпайт. 

Өлкөдөгү орточо маяна 36,6 долларды түзөт. Улуттук валютасы — шиллинг бирдиги. Анда 100 доллар 10 миң 225 шиллингди түзөт. Ал эми жети доллар 715 шиллинг болот.

Элдер жакырчылыкта жашаганы менен азык-түлүккө болгон баалар Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла жогору. Мисалы, 12 даана жумуртка 2,35 доллар (240 шиллинг) же 176 сом турат. 

Маянанын аздыгы менен азык-түлүктүн кымбаттыгынан улам өлкөдөгү жарандардын көпчүлүгү өмүрү акча кармап көргөн эмес. Негизинен жергиликтүү тургундар жашылча-жемишти өздөрү өстүрүп, кем-карчын бартер негизинде толуктап алышат.

Эгер Угандада күнүнө жети долларга жашай турган болсоңуз, акчаңыздын көбү таза суу алууга кетет. Анда 1,5 литр суу 77 шиллинг же 57 сомду түзөт. Бир күндө эки литр суу алсаңыз 154 шиллинг кетет. Калган 561 шиллингге бир килограмм картошка (100 шиллинг), 12 жумуртка (240 шиллинг), жарым килограмм тоок этин (220 шиллинг) алууга болот. 

Азык-түлүктөргө көрсөтүлгөн баалар өлкөлөрдөгү дүкөндөрүнүн сайтынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0