Түштүк Кореялык инвесторлор Кыргызстандагы таштандылар менен жер астындагы кендерге кызыгууда

© Фото / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүТаштанды кайра иштетүү заводу. Архив
Таштанды кайра иштетүү заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореялык инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу жандана баштады.

БИШКЕК, 6 фев. — Sputnik. Түштүк Кореялык инвесторлор Кыргызстандын рыногуна акча салуу үчүн ар кандай варианттарды карап жаткандыгы тууралуу "Түштүк Корея" экономиканы өнүктүрүү фондунун жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү түштүк кореялык бизнес 2010-жылдан кийин жабыркаган. Бирок, учурда инвесторлордун кызыгуусу кайрадан жандана баштаган. 

"Айыл чарба тармагы инвесторлордун көңүлүн буруп, эки күнөскана заманбап технология менен курулмакчы. Мындан сырткары таштандылар менен жер астындагы кендерди иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деп билдирет Акенеев. 

Арзан жумушчу күч менен электроэнергия жана Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүк инвесторлордун көңүлүн буруп жаткандыгын Акенеев кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0