Кыргыз товарларын Европага экспорттоо эки тараптын жыйынында каралат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКаптагы дан азыктары. Архив
Каптагы дан азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министринин айтымында, Кыргызстан менен Европа биримдигинин жыйынында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү кеңири талкууланат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан товарларынын Европа биримдигине экспорттолуусу КР менен ЕБнин 14-жыйынында каралат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча жолугушууда өлкөнүн быйылкы жылдагы тышкы саясатынын негизги багыттары талкууланды.

Ысык-Көлдүк фермерлер валериана чөбүн Европага экспорттоп жатат
Абдылдаевдин айтымында, кыргыз делегациясы Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуу боюнча кызматташуу кеңешинин жыйынынан катышат. Анда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү каралган бир катар маселелер каралмакчы.

Министр Кыргызстан менен Европа биримдигинин соода-экономикалык мамилелерин кеңейтүү пландары тууралуу, анын ичинен жергиликтүү товарлардын биримдикке мүчө мамлекеттерге экспорттоо боюнча маалымат берди.

Өлкө башчы Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0