Кыргызстан Россияга эт, сүт, балык экспорттомой болду

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүСүт азыктарын өндүрүүчү ишкана. Архив
Сүт азыктарын өндүрүүчү ишкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспорт менен алектенген 15 ишкананын 12си сүт, экөө балык жана бирөөсү эт иштетүүчү компаниялар болуп саналат. Бул аракет 8-февралдан тарта ишке аша баштамакчы.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын 15 ишканасы азык-түлүк продукциясын Россияга экспорттоого укук алды. Бул тууралуу вице-премьер Олег Панкратов брифинг учурунда билдирди.

Буга чейин кыргызстандык ишкерлер азык-түлүктү Казакстандын аймагына гана жайылтып келген.

Ысык-Көлдүк фермерлер валериана чөбүн Европага экспорттоп жатат
Россиянын Айыл чарба министрлиги жана Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын жолдогон катында ветеринардык лабораторияларды кайра жабдуу чараларын эске алуу менен 8-февралдан баштап 15 кыргызстандык ишкана аталган өлкөгө товарларды экспорттой ала турганы айтылган. Мында даяр эт продукциясы, сүт азыктары жана иштетилген балык азыктарына уруксат берилген.

Катта Кыргызстандан азык-түлүк алуу биринчи ирет ишке ашып жаткандыктан ветеринардык көзөмөл күчөтүлө турганы белгиленген.

"Бул ири россиялык рынокко чыгуу болуп саналат. Уруксат берилип жатканынын өзү — чоң мүмкүнчүлүк. Мындагы ийгилик анын жүрүшүнөн көз каранды болот", — деди Панкратов.

Сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалар:

  • "Ак-Сүт " ЖЧКсы;
  • "Бишкек-Сүт" ААКу;
  • "Умут и Ко" ЖЧКсы;
  • "Кант-Сүт" ЖЧКсы;
  • "Урсус" ЖЧКсы;
  • "Ак-Жалга" ЖЧКсы;
  • "Сүт-Булак" ЖЧКсы;
  • "Артезиан" ЖЧКсы;
  • "Шин-Лайн" ЖЧКсы;
  • "Эмилия" ЖЧКсы;
  • "Тууганбаев" ЖИ;
  • "Талас-Сүт" ЖАКу.
  • "Риха" ЖЧКсы — эт продукциясын өндүрүү.
  • "Акылман" ЖЧКсы — балык өндүрүү жана кайра иштетүү.
  • "Ысык-Куль Экспорт" ЖЧКсы — балык өндүрүү жана кайра иштетүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0