Кара-Балтадагы уран байытуу комбинаты эки айдан бери токтоп турат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРадияциянын белгиси. Архив
Радияциянын белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өндүрүштүн токтошуна чийки заттын жоктугу себеп болууда. Экономикалык көз караштан алып караганда Кыргызстанда уран байытуу пайда алып келбейт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Дээрлик эки айдан бери "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасы токтоп турганын Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюздун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Аталган комбинаттын эмгек жамааты профсоюз менен ишкана жетекчилигинин өтүнүчү менен буга чейин пландаштырылган нааразылык акциясынан баш тартты. Жумушчулар өндүрүштүн токтошунан жана иш орундарынын жоготуу коркунучунан улам митинг өткөрүүнү чечишкен.

"Ишкана чийки заттын жоктугунан улам дээрлик эки айдан бери иштебей турат", — деди Тажибаев.

Маалыматка ылайык, сомдун теңгеге карата кымбаттап кетишинен улам казакстандык уранды Кыргызстанда байытуу пайда алып келбей калды. Анын үстүнө Казакстандын өзүндө бул сыяктуу эки ишкана бар.

"Заводдун иш багытын өзгөртүү керек. Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары заводду башка инвесторго сатуу боюнча маселе каралууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган заводдун профкомунун төрайымы Жанна Зимукованын айтымында, учурда заводдун 40 кызматкер эмгектенген борбордук лабораториясы гана иштеп жатат, калган 250 адам ишсиз калып, айлыгынын үчтөн бири менен гана камсыз болууда.

"Жакынкы арада көйгөйлөр чечилип, завод толук кандуу иштей баштайт деген ишенимдебиз. Жумушчуларга айлык акы төлөөчү каражат 3-4 айга гана жетет. Ал эми ишкананын жумушчулары иштөөгө даяр турушат", — деп билдирди Зимукова.

Учурда тоо-металлургиялык профсоюзу ишкананын жетекчилиги менен мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүгө даярдык көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0