Каптагы төө буурчак. Архив

КР Түркия төө буурчакка болгон бажы төлөмүн төмөндөтөрүнө ишеним артат

48
(жаңыланган 16:14 02.03.2016)
Түркия мындан эки жыл мурун кыргыз төө буурчагына бажы төлөмү бекитилген.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстан Түркия мамлекети төө буурчакка болгон 19,3 пайыздык бажы төлөмүн төмөндөтөрүнө ишеним арта турганын айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев Анкарага болгон иш сапарынын учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Түркиянын азык-түлүк, айыл чарба жана мал чарбачылыгынын министри Фарух Челик менен жолугушуп, айыл чарба жаатындагы эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Кыргыз төө буурчагы боюнча маселени карап жатып, Бекбоев 2014-жылы Түркия тарабынан киргизилген 19,3 пайыздык бажы төлөмүн төмөндөтүү же жоюу чечими кабыл алынарына ишеним артты. 

48
Белгилер:
төө буурчак, сатуу, импорт
Тема боюнча
КР Айыл чарба министрлиги: Иран төө буурчакты сатып алууга ниети бар экенин билдирди
Сариев: жазгы талаа иштери үчүн өкмөттүн аймактагы өкүлү керт башы менен жооп берет