Кыргызстанга тикелей инвестициянын келүү агымы өстү

Жазылуу
Чет жактан келген инвестициянын көлөмү 2015-жылы 12,6 пайызга өсүп, 819 миллион долларды түзгөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2015-жылы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды. 

"Былтыр 2014-жылга салыштырмалуу инвестициянын көлөмү 12,6 пайызга көбөйүп, 819 миллион долларды түздү", — деп жазылат маалыматта. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү геологиялык чалгындоо, өндүрүш ишканалары, курулуш, электр энергия, газ, буу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталган.

Ал эми Россиядан келген түшүүлөрдүн көлөмү эки эсеге көбөйсө, Казакстандан келген инвестициялар тескерисинче 15,8 эсеге кыскарып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0