БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык программа (МИП) иштей баштады. Жакын арада "Жеткиликтүү турак жай" программасы иш жүзүнө ашары күтүлүүдө.
Ага талаптар төмөнкүлөр: максималдуу сумма — 3 миллион сом, пайыздык үстөк — 12-14 пайыз, берилүү мөөнөтү — 15 жыл, үйдүн аянты — 70 (батирлер) жана 150 чарчы метрге (жер үйлөр) чейин. Ипотеканы алгачкылардан болуп үч жылдан кем эмес эмгек стажысына ээ дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алмакчы.
Бул ипотека көпчүлүк үчүн жеткиликтүү боло турганын аттуу-баштуу адамдар көп ирет айткан.
"Эсеп боюнча бул 3 миллион сомдук 70 чарчы метр аянттагы үч бөлмөлүү батир болот. Ай сайын 12-15 миң сом төлөнөт. Ал эми бир бөлмөлүү үй сатып алгысы келген бойдоктор үчүн баа андан да төмөн болот. Эгер бир бөлмөлүү батирдин ижара баасы болжол менен 150 доллар десек, бул болжол менен 12-13 миң сомду түзөт. Мында сиз өзүңүздүн үйдө жашап, өз турак жайыңыз үчүн акча төлөйсүз", — деген премьер-министр Темир Сариев.
Sputnik Кыргызстан редакциясы турак жайга дагы канча кошумча акча төлөө керектигин эсептеп көрдү. Ал үчүн мамлекеттик ипотекалык комиссиянын сайтындагы көрсөткүчтөрү пайдаланылды. Эсеп менчик турак жайга ээ болуу үчүн чындап эле 12-15 миң сом жетиштүү болобу, ошону далилдеши керек.
Ар бир эсептеле турган вариантта 30 пайыздын алгачкы төлөм бар деп эсептейли. Бул пайыдздык үстөктүн эң төмөн — 12 пайыз болушу шарттайт.
Бишкек менен Оштогу батирлердин баасы белгилүү. Борбор калаадагы начар деп эсептелген үч бөлмөлүү батирлер 33 миң доллардан жогору турса, Ошто 22 миңден 75 миң долларга чейин бааланат.
Ипотека алуучу адам 30 пайыздык алгачкы төлөмдү чогултту дейли. Мамлекет ага убадалаган үч миллион сомду (жалпы сумманын 70 пайызы) берди. Демек, жалпы жонунан 4 миллион 286 миң сом акча алууга (же 58,7 миң доллар) мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул каражат Ошто элиталык, ал эми Бишкекте жакшы үй сатып алууга жетет.
Акча төлөөнүн эки ыкмасы бар: аннуитеттик — белгиленген мөөнөт ичинде ай сайын бир сумманы төлөө жана дифференциалдык — төлөмдүн суммасы ай сайын өзгөрүп турат.
15 жылга алынган ипотека. Биринчи учур:
10 жылга алынган ипотека:
15 жылга алынган ипотеканы дифференциалдык ыкма менен төлөө. Экинчи учур:
10 жылга алынган ипотека:
Мисал үчүн абалы орто деп бааланган эки бөлмөлүү батир менен үйдү алып көрөлү.
Бишкекте мындай батирлер жок эле дегенде 30 миң доллар болот (2,2 миллион сом), ошондо насыя 1,5 миллион доллардан бир аз ашат:
Дифференциалдык ыкма:
Ай сайын 15 миң сом төлөө милдеттемесин аткаруу үчүн 23,5 миң доллардын тегерегиндеги турак жай менен чектелүүгө туура келет (бул 1,7 миллион сомдон ашуун каражат, анын 1,2 миллиону — насыя).
Бул суммага Бишкектен же Оштон үй алууга таптакыр мүмкүн эмес. Аталган суммага түштүк борбордон бир же эки бөлмөлүү батир алынса, Бишкекте эптеп-септеп бир бөлмөлүү үйгө жеткирүүгө болот:
Эсептөөлөргө ылайык, мамлекеттик ипотекалык программа боюнча алынган насыя үчүн анын өзүнөн 1,5-2 эсе көп акча төлөнүшү шарт, ал эми турак жай үчүн ай сайын төлөнүүчү акча белгиленген 15 миң сомдон ашып кетери айдан ачык болуп калды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Каржылоонун алкагында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100 миң долларды түзөт.Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору үчүн 21,0 миллион доллар кошумча каржылоо боюнча макулдашылган. Айылдарга жардам ушул макулдашуунун алкагында берилмекчи.
"Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Ошондой эле калктын аяр катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон тобокелдикти азайтууга, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Анын катарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пунктуларына же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Ага кошумча, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатында жаштарды жана аялдарды колдой тургандыгы айтылды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.