Министр: Megacom сатылгандан кийин байланыш баасы өзгөрбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековMegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив
MegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет компания акциясынын 100 пайызына ээ. Бирок былтыркы жылдын июнь айынан баштап өкмөт Megacom компаниясын сатуу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. "Альфа-Телеком" ЖАКнун (MegaCom) ээсинин алмашуусу байланыштын баасына таасир тийгизбейт деп эсептей турганын Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маегинде экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Ишкананын өнүгүүчүсүнө кеткен чыгымды көтөрө албагандыктан MegaCom уюлдук компаниясын сатуу боюнча маалымат өткөн жылдын июнь айында өкмөттүн жыйынында айтылган. Аукцион эки айдан кийин өтөт.

Кожошевдин айтымында, компаниянын жаңы ээсинин өз алдынча бааны көтөрүп жиберүүсү ага эч кандай пайда алып келбейт. 

"Эгер кызматтын баасы кымбаттаса, абонент башка операторду тандап кетүүсү мүмкүн", — деди министр.

Кожошев ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо компаниянын ишине кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. Мында тендер өткөрүү көп убакытты талап кылууда.

"Компания сатып алууларын сайтка жарыялоого мажбур. Бул атаандаштарга компаниянын стратегиялык багытын кыйыр көзөмөлгө алууга шарт түзүүдө", — деди ал.

"Альфа Телеком" ЖАК 2009-жылы түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырып, 51 пайызы Елисеевге караштуу Southfield Management Inc. и Vesatel Unitеd Limited компаниясынын менчигинде калган. Өткөн жылдын июль айында акциянын 51 пайызына салынган сот бөгөтү алынып, мамлекет акциянын 100 пайызына ээлик кылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0