Токмокто трикотаж фабрикасы курулат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТрикотаж фабрикасындагы материалдар. Архив
Трикотаж фабрикасындагы материалдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы фабрика жумушчу орундарды түзүп, атаандаштыкты күчөтүп, трикотаж импортунан көз карандылыкты азайтат деген ниетте. Акыркы үч ай ичинде бул багыттагы 11 долбоор аталган фонддон насыя алган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду трикотаж кездемесин өндүрүүчү фабриканын курулушун каржылай турганын аталган фонд билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарына курула турган фабриканын курулушу үчүн 7,5 миллион доллар өлчөмүндөгү узак мөөнөттүү насыя берүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Өз кезегинде фонддун жетекчилиги аталган долбоордун социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн белгилеп, анын жеңил өнөр жайына кошо турган салымын чоң болорун кошумчалады.

Кореялык ишкерлер Кыргызстанда арматура өндүрүүчү завод курууга ниеттенет
Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылышы 123 жумушчу орундун түзүлүшүн шарттап, жылына 20 миллион сомдон ашуун салык төлөнмөкчү.

Мындан тышкары, аталган фонд жаңы фабрика өлкөдөгү тигүү цехтеринин ортосундагы атаандаштыкты күчөтүп, трикотаж импортунан болгон көз карандылыкты жоё турганын белгилейт.

Фонд акыркы үч айдын ичинде текстиль жана тигүү өндүрүшү жаатында 11 долбоорду каржылоого жетишти. 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өткөн жылы негизделип, Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуунун шартында иш алып барат. Анын ишмердүүлүгү эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын модернизациялоого багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0