"Макмалалтын" комбинатынын айрым бөлүмдөрү ишин убактылуу токтотту

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүАлтын казуу иштери. Архив
Алтын казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комбинатта 1000ден ашуун киши иштей, анын 200ү бир жарым айга эмгек өргүүсүнө кетип жатат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Макмалалтын" комбинатынын айрым бөлүмдөрү 1,5 айга ишин токтото турганын "Кыргызалтын" ишканасы билдирди.

Фабрикадагы жумуш ремонт иштери жана кендин запасын камдоо максатында 1-марттан 15-апрелге чейин токтойт.

Кара-Кече көмүр кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте өлкөнүн тоо-кен тармагындагы саясаты талкуууланат
Алтын өндүрүүчү фабрика, техникалык көзөмөл бөлүмү, байланыш бөлүмү, тигүү цехи жана химиялык лабораториянын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө кетти. Ал эми кендин жумушчулары кадимки режимде ишин улантууда.

Комбинатта жалпысынан 1065 адам иштейт, учурда анын 200ү убактылуу жумушка чыкпай турган болду. 

Ишкана бир жарым айдын ичинде 30 миң тоннага чукул кендин запасын дайындап алууну пландаштырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0