Тракторлор. Архив

Сариев: айыл чарба жаатындагы мамлекеттик кызмат рыноктук баадан арзан болушу керек

29
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев Кыргызстанда 11 миңден ашык айыл чарба субъектилери бар экенин айтты.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү айыл чарба субъектилерин өнүктүрүү үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү зарыл экенин өкмөттүн жыйынында премьер-министр Темир Сариев айтты.

Жыйын жүрүшүндө машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйруктун долбоору талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев во время встречи с министром сельского хозяйства и мелиорации Турдуназиром Бекбоевым
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 11 миңден ашык айыл чарба субъектилери бар. Аларды ирилештирүү жана айыл чарба кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн машина-трактордук станцияларды түзүү сунушталууда.

Аталган станцияларга лизингге техникаларды берүү, анын үстөгүн тогуздан беш пайызга чейин төмөндөтүү, атайын имараттар менен камсыз кылуу каралган.

Сариев машина-трактордук станцияларды түзүү абдан керектүү чаралардын бири экенин билдирди. 

"Учурда жергиликтүү бийлик органдары муниципиалдык ишканаларды түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Алардын ичинде машина-трактордук станцияларды түзүү зарыл. Келечекте ирилештирилген, адистештирилген чоң мекемелерди түзүү менен дыйкандарга комплекстүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзүшүбүз керек. Мындай шарт түзүлсө алардын санын көбөйтүүгө болот. Кызмат көрсөтүүнүн акысы рыноктук баадан арзан болушу керек", — деди Сариев.

Талкуу соңунда машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча буйрук жактырылды.

29
Белгилер:
айыл чарба, өкмөт, жыйын, станция, трактор, машина
Тема боюнча
Таластын картөшкөсүн казактар өткөрбөй жатат. Кайчы пикирлер
Асыл тукум букалардан алынган урук ар бир сынамык айылга 100 дозадан таратылды
Киши долларларды санап жатат. Архив

Улуттук банк дагы интервенция жасап, бул ирет 5,3 млн. доллар сатты

27
(жаңыланган 10:26 02.12.2020)
Акыркы үч аптада Улуттук банк бир күн гана доллар саткан эмес. Узаган айда Улуттук банк 84 миллион 750 миң доллар саткан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Улуттук банк кечээ, 1-декабрда, 5 миллион 250 миң доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.

АКШ акчасынын курсу өзгөрүүсүз бойдон турат. 1 доллар сатыкта 84,9 сом, ал эми сатып алууда үч тыйынга өскөн (84,68).

Ноябрда Улуттук банк 11 ирет интервенция жасаган. Биринчи жолу 12-ноябрда 26,8 миллион доллар сатылган. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жаткан. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, өткөн аптада 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган.

Муну менен узаган айда Улуттук банк 84 миллион 750 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда доллар 83,94 (сатып алуу) жана 84,33 (сатуу) сом болуп турган, кийинчерээк наркы жогорулап 84,9 (сатуу) сомго чейин жетти.

Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт. Бул алты айга чейин товарларды жана кызматтарды импорттоого жетиштүү.

27
Белгилер:
доллардын курсу, доллар, Улуттук банк, интервенция, Кыргызстан
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун кунун сактап калуу үчүн 84,7 млн. доллар сатты
Кыргыз-кытай чек арасындагы Эркечтам өткөрүү пункту. Архив

Кытай 3-декабрдан тарта Кыргызстанга көбүрөөк жүк ташууга уруксат берди

163
(жаңыланган 22:55 01.12.2020)
Кытай эртеңден баштап жүк ташыган автоунаалардын санын болжол менен суткасына 30га чейин көбөйтүүгө даяр. Каттамдар күн сайын жүргүзүлүп турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

  • Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң Эркечтам жана Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

163
Белгилер:
автоунаа, пункт, өткөрмө, Кыргызстан, Кытай
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети убактылуу жабылды
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды
Оңдоо иштери жол белгиси. Архив

Финпол: Ошто 43 млн. сом бөлүнгөн жолдун курулушу бүтпөй калган

0
(жаңыланган 12:09 02.12.2020)
Бүгүнкү күндө жол пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ошто 42,9 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн Кең-Сай жаңы конушуна кетчү жолду аягына чейин курбай коюшкан. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришити.

Финансы полициясы бюджеттик каражатты уурдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Маалым болгондой, Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы жеке ишкана менен келишим түзгөн. Ага Кең-Сай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча 42,9 миллион сомдон ашык акча которгону аныкталды. Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун чыгымы 13 миллион сом деп бааланууда.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, жеке ишкананын жетекчиси П.Т. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ишкананын кызыкчылыктарын коргоого тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаты кайтартуу боюнча иштер жүрүүдө.

0
Белгилер:
коррупция, курулуш, жол, финансы полициясы, Ош
Тема боюнча
23 млн. доллар... Финпол кылмыштуу кирешени адалдаган схеманы аныктады
Финпол бюджетке зыян келтирген ишканадан 281 млн. сом өндүрдү