Электр зым линиялары. Архив

CASA-1000 долбоорунун май айында башталышы күтүлүүдө

78
(жаңыланган 17:26 17.03.2016)
Мында Пакистан, Тажикстан, Афганистан жана Кыргызстан президенттеринин катышуусу менен салтанаттуу азем өтөт.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. CASA-1000 долбоорунун башталышына арналган салтанаттуу аземге Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Алмазбек Усенов билдирди.

"Авеста" порталынын маалыматы боюнча кечээ Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Маджлиси намояндагондун спикери Шукуржон Зухуров менен Пакистандын президенти Мамнун Хусайндын жолугушуусу өттү.

Иш-чарада долбоорго катышып жаткан мамлекет башчылары (Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан, Пакистан) 12-майда Тажикстандагы электр линия курулушунун жерпайын түптөө аземине катыша турганы айтылды. 

"Ооба, өлкө башчынын аталган иш-чарага катышуусу күтүлүп жатат", — деп тастыктады Усенов.

CASA-1000 долбоорунда Борбор Азия аркылуу Афганистан менен Пакистанга электр линияларынын курулушу каралган. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы линия 477, ал эми Тажикстандан Афганистан менен Пакистанга чейин 750 чакырымды түзөт.

78
Белгилер:
президент, долбоорлор, электр зымы, CASA-1000 долбоору
Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
Тема боюнча
Өкмөт Электрондук саламаттык сактоо программасын бекитти
Электр энергиясы үчүн болгон пансионаттардын карызын "Кырк чоро" өндүргүсү келет
Үй-бүлө жаңы үйдүн батирин карап жатышат. Архив

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

20
(жаңыланган 11:27 01.12.2021)
Бул мыйзамдын максаты — Кыргызстандыктар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө кол койгон мыйзамга ылайык, ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы боюнча мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Максат — Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат", — деп жазылган таратылган маалыматта.

 Билдирүүдө мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралганы айтылган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетмекчи.

 "Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", — деп белгиленген анда.

Быйылкы жылдын октябрь айында МИК мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтыларын билдирген эле.

 

20
Белгилер:
Кыргызстан, ипотекалык насыя, кредит, мөөнөт
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү
Тема боюнча
Мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтылат. Жол-жобосу
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

498
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

498
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
COVID-19 вакцинасын алган улгайган адам. Архив

Кубалык адистер "омикронго" каршы вакцина иштеп чыга баштады

0
(жаңыланган 11:23 01.12.2021)
Буга чейин ДССУ шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болгон жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кубадагы BioCubaFarma биотехнологиялык компаниялардын тобу коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы жукканда кандай болуп жаткандыгы боюнча отчётторду тыгыз карап чыгып, ага каршы атайын вакцина иштеп чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттик жогорудагы маалыматты холдингдин президенти Эдуардо Мартинестин айткандарына таянып билдирген.

"Омикрон" деп аталган жаңы штамм жукканда кандай болорун көңүл коюп байкап жатабыз. Ага каршы атайын вакцинаны иштеп чыгуудабыз, аны тез арада жасайбыз. Эми башкысы, күчтөндүргөн дозасын кошкондо эмдөө иштерине көз салуу керек жана COVID-19га байланыштуу санитардык чараларды сактоо өтө маанилүү", — деп жазган Мартинес өзүнүн Twitter блогуна.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болуп, тынчсыздандырып жаткан жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган. Медицина боюнча дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери "омикрон" кооптуулугу менен Эбола вирусу же "дельта" штаммы сыяктуу болуп кетиши мүмкүн деп түйшөлгөнүн айтты.

Маалыматтарга караганда, Кубада коронавирустун жаңы тибине каршы элдин 82,2 пайызы эмделген. Ал жакта 2 жаштан өйдөгүлөрдүн саны 9,19 миллион киши дешти.

Кубанын окумуштуулары COVID-19га каршы төтр вакцина эсептеп чыгышкан. Финли вакцина институту иштеп чыккан эки препараттан (Soberana 01 жана Soberana 02) сырткары, Гендик инженерия жана CIGB биотехнологиялар борбору эки вакцинаны изилдеп жатат. Алар — тамчылатма Mambisa жана инъекциялык Abdala. Баштапкы Soberana 01 жана Soberana 02 көп санда чыгарылып, жапырт эмдөөгө колдонуу стадиясында турат.

0
Белгилер:
Куба, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, 'омикрон' штаммы, коронавирус, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет