БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкекте заман талабына ылайык, таштанды полигону курулат. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимовдун аталган жайдын иши менен таанышуу учурунда айтылды.
Жолугушууда полигондо бир катар көйгөйлөр менен бирге атайы техниканын жетишсиздиги курч турары айтылды. Буга карабастан, аталган жай шаардын бардык булуң-бурчунан таштанды кабыл алууда.
“Жакын арада “Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган долбоор ишке ашып, ага ылайык, экологиялык коопсуздук стандарттарына жооп берген жаңы полигону курулмакчы”, — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, жолугушууда Бишкек шаарында биринчи жолу таштанды сорттоочу завод курула турганы белгилүү болду.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга бут кийим продукциясын экспорттоочуларга маркалоо кодун бере баштады. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.
Улуттук маркалоо системасынын оператору болуп "Альфа Телеком" компаниясы эсептелет.
Маалыматта Кыргызстан ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп ата мекендик бут кийимди экспорттоочуларды маркалоо коду менен камсыздай баштаганы айтылат. Аталган продукцияны милдеттүү түрдө маркалоо өткөн жылдын 1-июлунан тарта киргизилген.
"Бут кийим Россияда милдеттүү түрдө маркалоо талабы коюлган экинчи (тамекиден кийин) товардык группа болуп калды. Идентификациялык коду жок бут кийим продукциясын Россияда өндүрүүгө, ташып кирүүгө, дүкөндөрдө сатууга жана кампаларда сактоого тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.
Товарларды маркалоо жөнүндө кененирээк маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан же КРдин товарларды маркалоо системасынын main.teksher.kg расмий сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынын башында Улуттук банктын алтын запасынын наркы 84 миллиард 129,8 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу маалымат борбордук банктын сайтында жайгаштырылды.
Декабрдын башына салыштырмалуу акциянын наркы 2 миллиард 765 миллион сомго өстү.
Өткөн жылы Улуттук банк баалуу металлдарды көбүрөөк сатып алган. 2020-жылдын башында алтындын запасы 49 миллиард сомдой деп эсептелген.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.